17:51 21 февраля 2023

ЫМУда «Кыргызстандагы петроглифтер» темасында конок лекция уюштурулду

21-февралда К.Тыныстанов атындагы ЫМУда «Тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасынын уюштуруусу менен «Кыргызстандагы петроглифтер» темасында «Айгине» коомдук фонду тарабынан конок лекция өткөрүлдү.

Жумагазы Садыр уулу, Чынара Сейдахматова, Айза Абдрахманова, Чолпонай Кыргызстандагы чийим таштардагы белгилер боюнча маалыматтар менен бөлүшүштү. Студенттер өзгөчө Ак Булуң айылында 2022-жылы изилденген петроглифтер боюнча кенен маалымат ала алышты.

Конок лекцияга «Тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасынын окутуучулары, тарых жана туризм адистигинин студенттери катышты.

Лекциянын аягында суроо-жооптор болуп, мыкты суроолор, кызыктуу комментарийлер үчүн белектер берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть