Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ден соолук күнүнө карата спорттук көнүгүү жасоо саамалыгы өттү.
Иш-чара 6-апрель — Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин жана 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулуп, ага университеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Саамалык окуу жайдын башкы корпусунда жана колледжинде өз алдынча уюштурулуп, мында катышуучулар эрте менен жумуш башталганга чейин 30 мүнөттүк таңкы көнүгүүлөрдү жасашты.
Иш-чара окуу жайдын жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.