15:41 12 апреля 2023

ОшТУда техникалык билим берүүдөгү психология жана педагогика боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

Россиянын экономика жана маданият институтунда «Клеверстарт» билим берүү борбору тарабынан семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар «XXI кылымдын негизги компетенциялары: техникалык билим берүүдөгү психология жана педагогика» деп аталып, 2 күнгө созулду.

Иш-чарада «Клеверстарт» билим берүү борборунун тренери Окенаева Майрамкуль лекция окуп, ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы, Ош жана Баткен облустарынын орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдери билимдерин жогорулатышты. Мында жогорку жана орто кесиптик техникалык билим берүүдөгү психология, педагогика, жогорку окуу жайларда илим изилдөө иштерин уюштуруу жана электрондук тармактагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу темаларынын негизинде катышуучуларга кеңири маалыматтар берилди.

Курстун жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть