Президент Садыр Жапаровдун демилгесинин негизинде 2023-жылы «Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери» концепциясы кабыл алынгандыгынын алкагында «Илим. Технологиялар. Инновациялар» аталышындагы эл аралык илимий конференция болуп өттү.
Илимий конференцияга сырттан коноктор чакырылып, пленардык жыйында И.Раззаков атындагы КМТУнун докторанты А.Маметжанов азыркы күндө илим менен өндүрүштүн тыгыз байланышын, тамак-аш өндүрүшүндө инновациялык технологиялардын колдонулушу тууралуу маалымат берди.
Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинен атайын делегация (жетекчи PhD доктор Алимардонов О.К.) эл аралык туруктуулукту сактоо жана жаштардын укуктары, коомдогу орду боюнча илимий баяндама жасады.
Конференцияга ОшТУнун базасындагы 43 секциядан 500гө илимий баяндамалар сунушталды. Ошондой эле Фергана политехникалык институтунан, Наманган инженердик-технологиялык институтунан, ОшМУдан, ОшМПУдан, Б.Осмонов атындагы ЖАМУдан магистранттар, студенттер доклад окуп, активдүү катышышты.
Конференция төмөнкүдөй багыттарда иш алып барды
1. Климаттык өзгөрүүлөр, экологиялык маселелер жана аларды чечүү жолу
2. IТ-технология, маалымат коопсуздугу, робототехника, мехатроника, компьютердик лингвистика
3. Траснпорт
4. Курулуш, техникалык коопсуздук, дизайн жана архитектура
5. Электроэнергетика жана жаңы энерготехнологиялар
6. Экономика жана башкаруу
7. Табигый-техникалык илимдер
8. Социалдык-гуманитардык илимдер.