Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иш сапар менен болуп, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту.
Жолугушууда К.Иманалиев министрликте жүрүп жаткан соңку иш-аракеттер, жетишкендиктер, алдыдагы иш пландар жана билим берүү тармагындагы маселелер боюнча токтолду. Ошондой эле министр жогорку билим берүү жаатында, өзгөчө педагог адистерди даярдоодо Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин орду жогору экенин белгилеп, министрлик тарабынан жакындан колдоого алынарын айтып өттү.
Иш-чаранын кийинки бөлүгү министрдин студенттерге арналган атайын лекциясы менен коштолду. Лекция «Улут. Мамлекет. Мамлекеттин руханий интеллектуалдык, экономикалык күчүн көтөрө турган интеллигенция, элита жана мындагы мугалимдердин, студенттердин ролу» жана «Кыргызстандагы алгачкы педагогикалык окуу жайлардын ачылыш тарыхы» деген аталышта болуп, К.Иманалиев катышуучуларга элдин улуттук баалуулуктары, нарк-насили, каада салты, этнопедагогикасы, тарыхы жана «Манас» эпосу тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Жолугушуудан соң министр ОшМПУнун материалдык базасы жана жаңы курулуп жаткан 5 кабаттуу окуу корпусу менен таанышып чыкты.