11-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин башкы имаратындагы чоң жыйындар залында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө туура кесип тандоо багытындагы «Кесибим – ырыс кешигим» аталышындагы форум болуп өттү.
Иш-чарага Ош облусунун баардык райондорундагы орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышты.
Форумдун расмий ачылышында окуу жайдын жетекчилигине сөз берилди. Куттуктоо сөзүндө жетекчилик Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасы, студенттер үчүн түзүлгөн шарттары, башка жогорку окуу жайлардан болгон артыкчылыктары жөнүндө айтып беришти. Ошону менен катар эле кесиптин туура тандалышы келечекке ташталган ишенимдүү кадам экендиги айтылды.