Ош технологиялык университетинде “Эразмус+” долбоору көп жылдан бери ийгиликтүү ишке ашып жатат. Бүгүнкү күндө ишке ашырылып жаткан долбоордун негизги максаттары географиялык маалыматтык технологиялар (GIT) боюнча аспирантура программаларын иштеп чыгуу жана Армения менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын, өнөр жайдын жана менеджменттин ортосундагы илимий-изилдөө жана инновациялар боюнча байланыштарды чыңдоо болуп саналат.
Бул максатта Любляна университетинин профессору Анка Лисек, Валенсия политехникалык университетинин профессору Луис Руиз, Ереван мамлекеттик университетинен Артак Пилоян келип биздин окуу жайда өткөрүлүп жаткан тренингдерге катышып жатышат. Мындан сырткары, бул эл аралык масштабда өтүп жаткан тренингге Евросоюздагы өлкөлөрдөн Белгия, Словения, Испания, Швеция жана Армениядан жана Ош технологиялык университетинен белгилүү окумуштуулар катышып жатат.
Тренингдин максаты – долбоордогу университеттердин профессордук-окутуучулук курамдарын GIT багытында билимин жогорулатуу жана PhD программасын негиздөө болуп эсептелет.
Учурда ОшТУ картография жана геоинформатика багытында PhD программасы боюнча лицензия алып, докторанттарды кабыл алууну баштады.
“Эразмус+” долбоору Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле Исландия, Лихтенштейн, Түндүк Македония, Норвегия, Түркиянын университеттеринин ортосунда студенттерди жана окутуучуларды алмашуу үчүн Европа Биримдигинин коммерциялык эмес программасы. Программа окууга, стажировкадан өтүүгө же программага катышкан башка өлкөдө окутууга мүмкүнчүлүк берет. Окуу жана стажировка мөөнөтү ар бири 3 айдан 1 жылга чейин, жалпысынан 2 жылга чейин болушу мүмкүн.