Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенттери Биймамат уулу Шахназар, Азаматов Арген жана Адилбек уулу Эрбол билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүүлүгү үчүн «КМШнын мыкты студенти-2023» сыйлыгына ээ болушту.
Алар «Бобек» жалпы улуттук кыймылы ассоциациясынын диплому,« Мыкты студент-2023» медалы жана «КМШнын мыкты студенти» күбөлүгү менен сыйланышты.
Буга чейин мындай сыйлыкка ОшТУнун башка студенттери да ээ болушкан.
Ийгиликке жеткен студенттерди ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, алардын мындан ары дагы мыкты жетикендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирип, окууларына ийгликтерди каалады.