Түркия мамлекетинин Эгей университетинин профессору Ялчын Алвер ОшТУга атайын иш сапар менен келди.
Ялчын Алверди ректор Ж.Турсунбаев кабыл алып, келечекте биргелешип ишке ашырчу долбоорлор туурасында талкуулашты. Мында акыркы убактардагы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жүз берип жаткан, анын ичинде өлкөдөгү, Ош шаарындагы жол тыгындарын азайтуу боюнча долбоордун илимий жактан тастыкталып, коомдо ишке киргизилишине аракет кылуу жөнүндө сүйлөшүлдү. Мындан сырткары, эки мамлекеттин ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү боюнча дагы макулдашылды.
Профессор Ялчын Алвер бул багытта өзүнүн илимий баяндамасын жасап, автоунаа багытындагы бир топ долбоорлору менен тааныштырды. Ошондой эле автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан иштелип чыккан долбоорлор дагы сунушталды.