2023-жылдын январынан июнь айына чейин ИИМдин Академиясынын курсанттары Түрк тил окутуу борборунда «А1» деңгээлинде түрк тилин үйрөнүү курсуна катышып келишкен.
Курс жумасына 2 жолу өткөрүлүп, жалпы 175 саат билим алышкан.
Курсту ийгиликтүү аяктаган курсанттарга Түрк тил окутуу борборунун мүдүрү Мустафа Булат тастыктамаларды тапшырды.
Иш-чарага катышкан ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Нурила Маматазизова курсанттарды куттуктап, Мустафа Булатка жана бардык тил үйрөткөн мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле түрк тили келечекте милиция кызматкерлери үчүн абдан керектигин жана ИИИМдин Академиясы мындан ары да кызматташууга даяр экенин айтып, конокторго белектерди тапшырды.