Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору М.Абдиев жана экономика жана финансы кафедрасынын окутуучусу, ОшТУнун 1-курсунун аспиранты А.Кудайбердиева билим берүү жана илимдин өнүгүсүүнө кошкон салымы үчүн «КМШнын мыкты педагогу-2023» сыйлыгына ээ болушту.
Алар Казакстандагы «Бобек» жалпы улуттук кыймылы ассоциациясынын 1-жана 2- даражадагы дипломдору, «Мыкты педагог-2023» медалы жана «КМШнын мыкты педагогу» күбөлүктөрү менен сыйланышты. Сыйлыктар аталган ассоциациясынын КМШ өлкөлөрүнүн илимий-педагогикалык кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн эл аралык сынактын жыйынтыгы боюнча ыйгарылды.
М.Абдиев «Евразия экономикалык биримдигинин шартында Кыргыз Республикасынын азык түлүк коопсуздугу көйгөйүн чечүү жолдору» жана А.Кудайбердиева «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын санариптештирүү: экономикадагы орду жана келечеги» аттуу илимий макалалары менен катышып, РИНЦ платформасындагы илимий журналда жарык көрдү.
Ийгиликке жеткен окутуучуларды ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов кабыл алып, алардын мындан ары дагы мыкты жетишкендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.