13:12 30 августа 2023

ОшТУ Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) долбоорлорун ишке ашырууда чет өлкөлөр менен кызматташат

ОшТУнун окумуштуулары Өзбекстан күрүч изилдөө илимий институту тарабынан өткөрүлгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференциянын жүрүшүндө ОшТУ менен Өзбекстан күрүч изилдөө илимий институту менен илимий багытта кызматташуу келишимине кол коюлду жана Россия, Кытай жана Индия өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар менен тыгыз кызматташуу боюнча макулдашышты.

Учурда айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Э.А. Смаилов жетекчилигиндеги ОшТУнун окумуштуулары Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан каржыланып жаткан Түштүк Кыргызстандын шартында күрүчтү жыйнагандан кийин кайра иштетүүнүн жаңы технологиясын иштеп чыгуу жана практикада колдонуу” долбоорун ишке ашырып жатат.

Долбоордун негизги максаты болуп азык-түлүк коопсуздугу алдын-алуу жана Кыргызстанда өндүрүлгүн айыл чарба өсүмдүктөрүн даңазалоо болуп саналат.

Долбоордун жыйынтыгында күрүчтүн сапатын жогурулатып, Кыргызстандын өсүмдүгүн бренд катары экспортко чыгаруу болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть