14-сентябрь күнү Д.Ф.Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов, эл аралык программалар боюнча жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты, доцент Олег Киреев Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде болушту.
Коноктор окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негезинде 1+1, 2+2 билим берүү программасынын алкагында «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинде жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде магистратурада окуп бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө кош диплом тапшырылды.
Кош диплом берүү окуу жайдын тарыхында биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Ушундай самаалыкты ишке ашырууда эки окуу жайдын биргелешип жүргүзүп жаткан иштерине шарт түзүп, тыгыз иш алып баргандыгы үчүн «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Ивановго Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
Сөз кезегинде бул иштин баштоочусу катары окуу жайдын мурунку ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев эки университет биргеликте 1+1, 2+2 билим берүү программасын толук кандуу ишке ашырып, кош диплом берилип баштаганы өзгөчө саамалык экенин белгилеп, эки окуу жайдын кызматташуусу мындан ары дагы бекемделе берсин деген каалоосун билдирди.
Кыргыз-Өзбек эл аралык университети Россия, Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумунун мүчөсү болуп эсептелет. Анын негизинде Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин техникалык багытта билим алып жаткан студенттери 1+1, 2+2 программасынын алкагында кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул иш аракеттер окуу жайдын эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция бөлүмү тарабынан көзөмөлдөнүп, ишке ашырылып келет.