11:04 5 октября 2023

ОшТУда Бүткүл дүйнөлүк архитекторлор күнү белгиленди

ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин курулуш кафедрасы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк архитектура күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Ош шаарынын архитекторлору жана Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун мүчөлөрү, кафедранын жалпы жамааты жана студенттер катышышты.

Архитектура багытында билим алып жаткан студенттердин колдорунан жаралган эмгектер көргөзмөгө коюлуп, келген коноктор өз бааларын беришти. Кафедра башчысы Э.Сатимбеков салтанаттын катышуучуларын Архитектура күнү менен куттуктап, келген конокторго ыраазычылык билдирди. Майрамдык салтанатка катышып жаткан коноктор тарабынан студенттерге жана жалпы кафедра жамаатына куттуктоолор айтылды.

Салтанаттын жүрүшүндө окууда жана колледждин коомдук иш-чараларына активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык баракчалары, грамоталар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть