15:08 20 октября 2023

ОшТУ 60 жылдыгын белгиледи

Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракеси өткөрүлдү.

Таң эртеден баштап майрамдык маанай менен окуу жайдын жамааты жана студенттери келген конокторду тосуп алышты. Келген коноктор университеттин башкы корпусунда окуу жайдын жетишкендиктерин белгилеген көргөзмөгө күбө болушту.

Майрамдык салтанаттын алкагында «Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү: инновациялар жана кызматташтык» деп аталган илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, бул иш-чарага алыскы жана жакынкы коңшулаш мамлекеттерден да окумуштуулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү менен катышышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү , өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайдын ректорлору жана ОшТУнун жалпы жамааты мааракеге катышты. Келген коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, белектерин тапшырышты.

Ректор Ж.Турсунбаев ОшТУнун 60 жылдык юбилейлик медалын окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошуп кеткен ардагерлерге жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөргө ОшТУнун 60 жылдык юбилейлик медалын тапшырды. Ошондой эле бардык куттуктап келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Россиянын эки жогорку окуу жайы менен ОшТУнун ортосунда ар тараптуу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Ош технологиялык университети 1963-жылы ачылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть