17:27 1 ноября 2023

КӨЭАУда студенттерге «Стажировка — эмгек базарындагы ийгилик» аталышында тренинг уюштурулду

КӨЭАУнун бүтурүүчү курсунун студенттери үчүн «Стажировка — эмгек базарындагы ийгилик» темасында тренинг өткөрүлдү.

Аталган тренинг Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин алдындагы мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Мында тренерлер жаш адистерге эмгек жолу ар бир кишинин өмүрүндө чоң орунга ээ, азыркы мезгил — өзгөрүүлөрдүн убактысы экенин белгилешип, мурда кесипти бир жолу гана тандап, өмүр бою ошол кесип менен жашап келсе, азыр заман талабына жараша кесипти жөндөмгө жараша алмаштырганга толук мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолушту.

Мындан сырткары, азыркы учурда дүйнө тез өрчүп, ар бир мүнөт сайын жаңы ойлор, жаңы кесиптер пайда болуп жатканын, андыктан өз көңүлүн бир нерседен башка нерсеге тез бура алган киши заманбап дүйнөдө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болоруна токтолушуп, ал артыкчылыктарды аныктап чыгып, жаштарга кенен маалымат беришти.

Соңунда Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Акмарал Тентимишова келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть