18:45 8 ноября 2023

ОшТУда эл аралык жаштар форуму болуп өттү

3-ноябрда Ош технологиялык университетинде окуу жайдын 60 жылдык мааракесине жана 10-ноябрь — Жаштар күнүнө карата уюштурулуп жаткан «Ынтымак» эл аралык жаштар форуму өткөрүлдү.

Иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын активдүү жаштары, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жаштар комитетинин жетекчилери катышты.

Эл аралык форумду ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев ачып, жаштар — коомду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы экендигин баса белгилеп, жаштарды келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктады.

Форумдун пленардык жыйынында катышуучулар өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү. Ошондой эле жыйында катышуучуларга өлкөнүн келечеги болгон жаштарга кесип тандоодо жана ал багыт боюнча өз чөйрөсүндө үзүрлүү эмгектенүүгө аракет кылуулары үчүн маалыматтар берилди. «Жаштар — мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү: чакыруулар жана кызматташтыктар» аттуу темада дискуссия болуп, азыркы мезгилдеги көйгөйлөр каралып, кызуу талкуу жүрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын Маданий-эстетикалык борборунун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.

Форумдун катышуучулары ОшТУга экскурсия жасашып, университеттин материалдык-техникалык базасы таанышып, окуу жай тууралуу маалыматтарды алышты.

Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть