10-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган «Тарыхый эс-тутум элдердин биримдигинин фактору катарында» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференция Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту жана Борбордук Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы фонду тарабынан уюштурулду. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ЖК депутаттары Марлен Маматалиев жана Медер Алиев, Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашева, коомдук ишмер, окумуштуу Роза Айтматова, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин директору Болот Абдрахманов, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Аниса Бикбулатова, Борбордук Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы фондунун өкүлү, И.Арабаев атындагу КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окумуштуулар катышты.
Конференциянын негизги максаты кыргыз элинин тарыхындагы кайгылуу окуялар — саясий репрессиялардын тарыхы, 1916-жылдагы улуу кѳтѳрүлүш, анын кесепеттери жана сабактарына саресеп салуу жана анын кыргыз элинин тарыхындагы ордун даңазалоо болду.
Кыргызстандын тарыхындагы 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш сыяктуу кайгылуу окуяларга тарыхый калыс баа берилип, ал эми 85 жыл мурда 7-8-ноябрь күндөрү Чоӊ-Ташта мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн ата-бабаларыбыздын эмгеги, эрдиги жаш муундарга мурасталып, тарыхыбызда татыктуу баасын алышы зарыл. Ага ылайык, конференцияда аталган темаларды изилдеген окумуштуулар катышып, баяндамаларды жасашты.
Конференциянын жүрүшүндѳ коомдук ишмер, окумуштуу Роза Айтматованын «Тарыхтын актай барактары» китебинин бет ачары болду.
Конференциянын соңунда суроо-жооптор жана талкуу болуп, катышуучулар тарабынан бир катар пикирлер, сунуштар айтылды.
Кыргызстанда 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыяланып, бул тууралуу 2017-жылдын 26-октябрында КР президентинин жарлыгы чыккан.