20:12 10 ноября 2023

ОшМПУнун жаңы имараты ачылып, кызыл тасмасы кесилди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы имараты белгиленген мөөнөттө бүтүп, анын ачылуу аземи салтанаттуу түрдө белгиленип, кызыл тасмасы кесилди.

Салтанаттуу аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев баштаган бийлик өкүлдөрү жана университеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрү айтылып, жаңы окуу корпусунун курулушунда жигердүү эмгек көрсөткөн тийиштүү адистер ардак грамота менен сыйланышты.

Аны улай жетекчилер имараттын кызыл тасмасын кесишип, корпустун жалпы материалдык-техникалык базасы менен таанышып, окуу кааналарына экскурсия жасашты. Ар бир каанада интерактивдүү панелдер менен сабактар өтүлүп, студенттердин эмгектеринен көргөзмөлөр коюлуп, окуу жайдын жамааты бул күндү өзгөчө маанайда белгилешти.

2021-жылдын декабрь айында Ош мамлекеттик педагогикалык университети 5 кабаттуу имарат курууну баштаган. Имараттын жалпы аянты 36*21 чарчы метрди түзсө, студенттер үчүн колдонула турган ички аянты 3600 чарчы метрди түзөт.

Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, акты залы, ашкана, аудиторияларды камтыйт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть