М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесине жана Илим күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, бириккен профсоюз комитети тарабынан майрамдык кече уюштурулду.
Кечеге университетте эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер катышты.
Окуу жайдын өнүгүшүндө талбай эмгек кылып, салым кошуп жатышкан окутуучуларга жана билим берүүдө, илимде жетишкен ийгиликтери үчүн университет жетекчилиги тарабынан ардак грамоталар, Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү, кесиптик бирлик тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле университеттин 60 жылдыгы төш белгиси менен сыйланышты.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен, Билим берүү жана илим министрлигинин, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин ардак грамоталары тапшырылды.
Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду.