15:55 15 ноября 2023

ОшТУда жаш окутуучулар үчүн семинар өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде жаш окутуучулар үчүн «Кесиптик билим берүү системасындагы инновациялык технологиялар» аттуу семинар өткөрүлдү.

Аталган иш-чара окуу жайдын Усулдук кеңешинин мүчөлөрү — коомдук илимдер кафедрасынын доценти, т.и.к. З.Абдыразакова, бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын доценти Н.Бахрамжанова, окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Калбаева тарабынан уюштурулду.

Семинарга окуу жайдын жаш окутуучулары катышып, окутуунун  заманбап жана инновациялык ыкмалары боюнча маалыматтарды алышты. Кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын доценти Медетбек Машиев жаш окутуучуларга бүгүнкү күндүн талабы менен студенттерге билим үйрөтүү үчүн ар кандай усулдук колдонмолорду, жаңы технологияларды жана адеп-ахлактык, тарбия жаатындагы ыкмаларды өздөштүрүүлөрү керектигин билдирди.

Усулдук кеңеш тарабынан мындан ары дагы окутуучуларга технология жана усулдук жактан тажрыйбаларын кеңейтүү максатында семинар-тренингдер уюштурулуп турмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть