18:44 25 ноября 2023

ОшТУда студенттер үчүн конок лекция өтүлдү

ОшТУда байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары багытынын студенттерине физика математика илимдеринин доктору, профессор Исламидин Ташполотов жана техника илимдеринин доктору Эркин Сыдыков мотивациялык конок лекция өтүштү.

Студенттер бүгүнкү күндөгү маалыматтык технологиянын заман талабына ылайык өнүгүшү жана өндүрүштө учурдагы абалы тууралуу кеңири маалыматтарды алышты. Лекцияга келген студенттер жана окутуучулар жамааты тарабынан лекторго маалыматтык технологиялар боюнча суроолор берилип, жооптор алынды.

Бул иш-чара окуу жайдын байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары кафедрасы тарабынан студенттердин маалыматтык технология боюнча билим дүйнөсүн кеңейтип, мыкты адис болуусуна шарт түзүү максатында уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть