19:09 1 декабря 2023

Күзгү хакатондо ОшМУнун программисттери байгелүү орунду ээледи

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Германия прикладдык информатика институту тарабынан уюштурулган университеттер аралык Күзгү хакатонго ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин «ОшМУ 1», Математика жана информациялык технологиялар факультетинин «ОшМУ 2» командасы катышты.

Жыйынтыгында жалпы эсеп боюнча «ОшМУ 1» командасы 3-орунду ээледи.

Окутуучу Токтобубу Арапова жетектеген команданын курамында 3-4-курстун студенттери Акматбек кызы Венера, Баяман Жолонов, Кымбатбек уулу Низами катышты.

Университеттер аралык Күзгү хакатондо «ОшМУ 1» командасы кечки саат 19:00дөн таңкы саат 8:00гө чейин «Электрондук кезек» микросервистик программасын түзүү тапшырмасын аткарышты.

Күзгү хакатонго программист адистерин даярдаган республикадагы жогорку окуу жайларынан барган командалар катышты.

Уюштуруучулар тарабынан дипломдор, акчалай сыйлыктар берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть