19:18 1 декабря 2023

ОшТУда профессор Акматбек Жаманбаевдин 90 жылдыгына арналган конференция өткөрүлдү

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде техника илимдеринин доктору, профессор Жаманбаев Акматбек Сагыновичтин 90 жылдык мааракесине арналган «Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу көйгөйлөрү жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Аталган конференцияга ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, УИАнын түштүк бөлүмүнүн төрагасы О.Ибраимов, А.Жаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институтунун директору А.Абидов, УИАнын мүчөлөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана окуу жайдын жалпы жамааты катышты.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияны ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев ачып, куттуктоо сөзүн айтып, Акматбек Жаманбаевдин изилдеп кеткен илимий иштердин айрымдары дүйнөлүк аренада көптөгөн илимий ачылыштардын башаты болуп калгандыгын баса белгиледи.

Конференциянын пленардык отурумунда Фергана политехникалык институтунун профессору А.Касимахунова, химия илимдеринин кандидаты, доцент Ш.Джапарова, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессору М.Исманов жана КР Эл артисти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Т.Жаманбаева баяндама жасашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть