Ош технологиялык университетинде ««Манас» эпосундагы мамлекеттик иденттүүлүк жана улуттук идеология» темасында илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чара илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү, мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, коноктор жана студенттер катышты.
Илимий семинарды мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы А.Саттарова ачып, «Манас» эпосунун күнү менен куттуктап, семинардын катышуучуларына ийгилик каалады. Университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов «Манас» эпосу кыргыз элинин руханий табылгаларынын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы экендигин баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында баяндамачылар тарабынан кыргыз улуттук-мамлекеттик идеологиясы кыргыз элинин, кыргызстандыктардын жана өлкөдө жашаган ар бир жарандын түпкү мүдөө-максаттарына туура келиши жана аны бир адам таанып-билүүгө, үйрөнүүгө жана аны ишке ашырууга милдеттүү экендиги тууралуу маалыматтар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө таланттуу студенттер тарабынан «Манас» айтуу флешмобу уюштурулду.