16:10 8 декабря 2023

ОшТУда англис тилинде интеллектуалдык сынак болуп өттү

Ош технологиялык университетинде Дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан Building the future together («Келечекти бирге курабыз») аттуу интеллектуалдык сынак уюштурулду.

Сынакка 1-курстун студенттери катышып, англис тилин үйрөнүүдө теориялык алган билимдерин практикада чыңдашты.

Иш-чара студенттерди англис тилинде сүйлөө жөндөмүн жогорулатуу, көйгөйлүү шарттарда маселелерди чечүүгө туура ой жүгүртүү жана адистикке байланышкан темаларды, долбоорлорду баяндап берүүгө даярдоо максатында өткөрүлдү.

Сынакка 3 команда катышып, «Эң мыкты» деп аталган долбоор баалуу сыйлыкка ээ болду.

Жыйынтыгында1-орунду Unaffected (СТР-23) командасы, 2-орунду Architects (АРХ-23) командасы, ал эми 3-орунду Meta group (ДAC-Диз-23) командасы ээледи. Жеңүүчү командалар ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть