15:03 6 февраля 2024

ОшМУнун медициналык клиникасында кардиохирургиялык операция жасалды

ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу кардиохирургия боюнча бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү “коронардык артерияларды айланып өтүү” хирургиялык операциясы жасалды. Коронардык артерияны шунтоо операциясы шунттарды (кан тамыр трансплантаты) колдонуу менен коронардык тамырдын тарылган жерин айланып өтүү аркылуу жүрөктүн артерияларында кан агымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү операция болуп саналат.

Операция ОшМУнун медициналык клиникасынын кардиохирургу Жакшылык Абдимиталип уулу баштаган клиниканын дарыгерлери жана Орусиядан чакыртылган кардиохирург Бакытбек Кадыралиев тарабынан жасалды. Учурда жүрөгүнө опперация жасаткан 60 жаштагы бейтаптын абалы туруктуу.

“Буга чейин медициналык клиникада оор жана жеңил түрдөгү операциялар жасалып жаткан. Биз жакынкы аралыктан бери клиникада кардиохирурхиялык операцияларды жасоого ылайыктуу шарттарды түздүк. Ал үчүн заманбап техникалык аппараттар, реанимация бөлүмүнө ылайыктуу жабдыктар алынды. Бүгүн жүрөгүнөн операция болгон бейтаптын абалынан кабар алып, дарыгерлер менен баарлаштым. Мындан ары да клиникада акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар алынып, жарандардын ден соолугуна кам көрүүгө шарттар түзүлөт”, -деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Учурда окуу жайдын клиникасында операциялардын бардык түрү жасалат. Клиниканын бөлүмдөрү акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган. Маалымат булагы: www.oshsu.kg

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть