14:05 16 мая 2024

Түркия элчиси КЭУнун студенттерине интеграциялык процесстердин артыкчылык-кемчилигин айтып берди

8-майда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде болду.

Элчини университеттин ректору А.Кадыралиев, окуу-усулдук иштер боюнча проректор Д.Турсуналиева, мамлекеттик тил жана өнүктүрүү боюнча проректор, Г.Супаева, Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Н.Асилова тосуп алышты.

Элчиге КЭУнун тарыхы, ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берилген соң, пландалган «Интеграциялык процесстер мамлекеттик коопсуздукту өнүктүрүүнүн жана камсыз кылуунун факторлору катары» темасындагы лекцияны студенттерге окуду.

Ал өз сөзүндө студенттерди талыкпай окуп, өзүн өзү өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аларды өз тармагында лидер болууга, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошууга үндөдү. Интерактивдүү жана маалыматка бай дарс аягында Доган студенттерге өз алдынча окуу үчүн адабияттардын тизмесин сунуштап, алардын суроолоруна жооп берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть