ОшМУнун Прикладдык информатика жана маалыматтык коопсуздук кафедрасынын доценти Абдыганы Абдувалиев, Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Абдыманап Абдыкааров жана Эл аралык тилдер борборунун директору, доцент Семетей Амиралиев Германиянын Гамбург прикладдык илимдер университетинде өткөн окутууга катышып келди.
Иш-чаранын алкагында жашылдандыруу жана санариптештирүү багытында ОшМУда жасалып жаткан иштер тууралуу презентация жасалып, чет өлкөлүк окуу жайлар менен кызматташуу талкууланды.
Катышуучулар Гамбург прикладдык илимдер университетинин күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууда жасалып жаткан иштерине күбө болушту. Ал эми ОшМУнун окутуучулары да күн панелдерин окуу имараттарынын чатырларына орнотуу иштери кандай жүрүп жатканын айтып беришти.