Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемесинин негизинде Кудайберди Кожобеков кайрадан Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды.
15-ноябрда Президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Медербек Омурбеков окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинде тааныштырды. Жыйынга Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев да катышты.