11:09 18 июля 2017

Фоторепортаж - ИИМдин Академиясында Фрунзедеги милициянын жогорку орто мектебин 30 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрү жолугушту

2017-жылдын 17-июлунда ИИМдин Академиясында Фрунзедеги милициянын жогорку орто мектебин 30 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрү жолугушту.

30 жыл мурун аталган окуу жайды 156 курсант ийгиликтүү аяктаган. Алардын катарында милициянын генерал-майору Бактыбек Жусубалиев, милициянын полковниги Капар Батырканов дагы бар. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү ИИМдин башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары болсо айрымдары ардактуу эс алууда жүргөн ИИОнун ардагерлери.

Жолугушуу ИИМдин Академиясы атын жүргөн, Кыргыз милициясынын биринчи генерал-майору Эргеш Алиевдин эстелигине гүл чамбарларын коюу менен башталды.

Андан соң кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон жана көзү өтүп кеткен группалаштарына арнап куран окутулду.

Группалаштарды, ошол кездеги курстун башчысы болгон, милициянын отставкадагы полковниги Нату Ниязов куттуктап, бекем ден соолук, ийгиликтерди каалап жана окуу жайдын түптөлүшүнө дал ушул бүтүрүүчүлөрдүн салымы чоң экенин баса белгиледи.

30 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрдүн арасынан чыккан генерал-майор Бактыбек Жусубалиев дагы группалаштарын куттуктап, курсанттык күндөрдөн кызыктуу окуяларды айтып берди. Ошондой эле ИИО үчүн татыктуу кадрларды даярдап жаткан ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык билдирип, дагы көптөгөн ийгиликтерге жетише беришин каалады.

Өз кезегинде ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, өз убагында окуу жайга кошкон салымдарына рахматын айтып, “Сиздердин келишиңер курсанттарды тарбиялоодо чоң таасирин берет, андыктан дагы көп-көп келип туруңуздар”-деди.

Андан соӊ бүтүрүүчүлөр Академиянын музейине жана окуу класстарына кирип курсанттык кездерин эске салышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть