12:14 4 сентября 2017

Нарын мамлекеттик университетинде 1-сентябрь Билим күнү белгиленди

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде 1- сентябрь билим күнүндѳ профессордук- окутуучулук курамы жана 1- курска кабыл алынган студенттер менен майрамдык жыйналыш ѳткѳрүлдү.

Жыйналышты университеттин ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна куттуктоо сѳзү менен баштады.

Ректор коллегаларын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, университеттин босогосун жаӊы аттап жаткан студенттерге ак жол каалап, «билим алайын деп болгон дитиӊерди коюп аракет кылсаӊар сѳзсүз жакшы адис болуп чыгасыӊар, ишиӊерде, окууӊарда ийгилик болсун, кѳздѳгѳн максатыӊарга жетип татыктуу диплом алып чыккыла» деп, жана дагы жакшы каалоо тилектер айтылды.

Андан кийин сѳз университеттин илим инновациялык технологиялар жана тышкы иштер боюнча проректору филология илимдеринин кандидаты, доцент Чоробаева Нарынкүл Абдыкалыковнага, окуу иштери боюнча проректор филология илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбаев Азиз Карыбековичке жана факультеттин декандарына берилип, билим майрамына карата куттуктоолорун айтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть