13:44 6 октября 2017

Премьер-министр ОшМУдагы мыкты суроо ээлерине белегин жөнөттү

Ош мамлекеттик университетинде 26-сентябрда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен болгон жолугушууда маанилүү суроолорду берген бир топ студенттер Өкмөт башчы тарабынан белгиленип, аларга 10 күн аралыгында өзүнүн жекече белектерин жөнөтөрүн билдирген.

Бүгүн, 5-октябрь күнү Премьер-министр айткан сөзүнүн мүдөөсүнөн чыгып, белектерин жөнөттү.

Белектерди тапшыруу үчүн окуу жайыбызга келген КРдин Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкулов ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Тинатин Мамашарипова, юридика факультетинин студенти Туйгунбек кызы Нуризат, табият таануу жана география факультетинин студенти Марат уулу Нуристамга Премьер-министр Сапар Исаковдун атынан куттуктоо сөзүн айтып, ар бирине планшет жана Өкмөт башчынын жеке визиткаларын тапшырды.

Белектерге ээ болгон студенттер Премьер-министрге университеттин жалпы студенттеринин атынан ыраазычылыктарын билдиришип, талыкпай билим алуу менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон жаштардын катарын толуктайбыз деген тилегин билдиришти.

Белгилей кетсек, ОшМУда өткөн КРдин Премьер-министри Сапар Исаков менен жолугушууда студенттер «Жаңы доорго-кырк кадам», “Таза коом” программаларындагы билим берүү, экология, тышкы саясат, коопсуздук, спорт, миграция маселелери, өлкөнү өнүктүрүү багыттындагы иш аракеттер, ошондой эле балалык чагы, студенттик жылдары, ийгиликке жетүүнүн сырлары боюнча суроолорду беришкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть