15:50 29 ноября 2017

КМУда Түркмөнстандын делегациясын кабыл алышты

Өткөн аптада КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мередов Шадурды Овезнепесович жетектеген делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз болуп, анда ректор Т.Абдырахманов И.Арабаев атындагы КМУ жөнүндө кеңири маалымат берди.

Элчи Шадурды Овезнепесович Түрмөнстандагы ЖОЖдор КМУ менен билим берүү, маданият жана спорт тармагында иш алып барып, бул тармактагы иштерге элчилик чын-дилден көмөктөшөөрүн жана кызматташуу тезирээк ишке ашат деген ишеничте экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында, Шадурды Овезнепесович ректор Т.Абдырахмановго Түркмөнстан мамлекетинин президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун «Түркмөнстан - Улуу Жибек Жолунун жүрөгү» аттуу китебин белек катары тартуулады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть