13:22 30 ноября 2017

Ч.Айтматовдун урматына арналган «Аалам алпы – Айтматов» аттуу эскерүү иш-чарасы И.Арабаев атындагы университетте болуп өттү

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» – дегендей, кыргыз улутунун касиеттүүлүгүн бүтүндөй ааламга тааныткан залкар жазуучу Ч.Айтматовдун урматына арналган «Аалам алпы – Айтматов» аттуу эскерүү иш-чарасы бүгүн, 29-ноябрда Гуманитардык билим берүү факультетинде болуп өттү.

Иш-чарада сынак уюштурулуп, факультеттин бардык бөлүмдөрүнөн студенттер катышып, анда «Ак кеме», «Биринчи мугалим», «Кызыл алма», «Делбирим» командалары таймашты.

Сынактын негизги максаты улуу жазуучунун өмүр-жолун, анын чыгармаларын студенттер канчалык деңгээлде өздөштүргөндүктөрүн практика жүзүндө көрсөтүп берүү жана жазуучунун чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык бир өзгөчөлүктөр бар экендигин ачып берүү.

Сынактын шарты боюнча ар бир команда төмөндөгүдөй тапшырмаларды алышкан:

1. Саламдашуу;

2. Жеке номер;

3. Театрлаштырылган сценка;

4. Суроо-жооп.

Жогорудагы тапшырмалар боюнча командалар активдүүлүгүн көрсөтүшүп, анын ичинен «Дүйнө – бул сахна, адамдар андагы – актерлор» деген девиздин алдында жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү эң жогорку баада театрлаштырып берип, көрүүчүлөрдүн мактоосуна татыктуу болушту.

Бул конкурста студенттер «Аалам алпы – Айтматов» деп аталган теманы жакшы өздөштүргөнүн тастыкташып, алган билимдерин иш жүзүндө колдоно ала тургандыгын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында факультеттин деканы Чынарбек Дүйшөналиев уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылыгын билдирүү менен төмөнкүлөргө токтолду: «Урматтуу студенттер! Мына, бүгүн биз улуу жазуучу Ч.Айтматовдун эскерүү иш-чарасын өткөрүп жатабыз. Албетте, дүйнө эли «кыргыз дегенде Чыңгызды, Чыңгыз дегенде кыргызды» билет эмеспи. Жазуучунун эли үчүн кылган эмгеги ат көтөргүс. Ошондуктан, мындай улуу, залкар инсандардын эмгегин баалап-баалай билүү, аны дайыма жакшы күндөрдө эскерип туруу биздин милдет.

Негизи, Ч.Айтматовдун эмгектери чалкып жаткан океан сымал. Сиздер жазуучунун чыгармаларынын бир гана тамчысын ачтыңыздар. Мен ойлойм, биздин студенттер Айтматовду тереңден таанып-билип, келечекте жазуучунун чыгармаларына өздөрүнүн баасын бере турган деңгээлге жетет», – деп билдирип, сынактын жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды.

Башкы орунду Кызыл алма командасы ээлесе, I орунга Делбирим, II орунга Биринчи мугалим жана III орунга Ак кеме командалары татыктуу деп табылды.

Жыйынтыктоо сөзү декандын орун басары Аида Асакеевага берилди. А.Асакеева факультеттин студенттерин активдүү, эмгекчил болууга чакырып, коомдук, маданий иштерде активдүүлүгүн көрсөтүп келген студенттерге мактоо баракчасын ыйгарып, иш-чараны жыйынтыктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть