13:53 8 декабря 2017

«Аалам кезип, Айтматовдон салам айт» аттуу кече Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болуп өттү

7-декабрда Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде Чыңгыз Айтматовдун 89 жылдыгына карата «Аалам кезип, Айтматовдон салам айт» аттуу адабий кече болуп өттү.

Кечеге КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Садык Тиллебаев жана белгилүү киноактерлор Бусурман Одуракаев, Шайыргүл Касымалиевалар жана КУУнун окумуштуулары, окутуучулары катышты. Кече факультеттин деканы, профессор Ырысбүбү Бейбутова, доцент Жеңишгүл Абдырасулова, ага окутуучулар Салтанат Бакасова, Медина Мырзанаева жана ошону менен бирге 1-2-курстун студенттери тарабынан уюштурулду.

Кеченин негизги максаты – чыгармалары менен дүйнөнү дүңгүрөткөн, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында бүгүнкү күндөгү эң орчундуу көйгөй болгон “Канткенде адам уулу адам болот?” маселесинин чечилиш өзгөчөлүгүн ачып берүү аркылуу, студенттерди адамзаттык улуу идеялар болгон ак ниеттүүлүк, аруулук, чынчылдык, маданияттуулук, мекенчилдик, улуттук баалуулуктарды сактоого тарбиялоо менен жазуучунун чыгармаларын жайылтуу болду.

Кечеде белгилүү адабиятчылар филология илимдеринин докторлору, профессорлору Үмүт Култаева, Ырысбүбү Бейбутова, Садык Тиллебаевдер Ч.Айтматовдун чыгармаларына кеңири токтолушуп, дүйнөлүк аренадагы ордун терең белгилешип, дүйнөдөгү эң бир белгилүү жана таланттуу жазуучу экендигин баса белгилешти.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган сценкаларды коюп, жазуучуга арналган акындардын ырларын көркөм окушту, андан соң келген меймандарга суроолор берилип, алардан кызыктуу жооп алышты. Кече абдан шаңдуу жана кызыктуу өттү.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин басма сөз кызматы

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть