14:46 8 декабря 2017

Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик университети жемиштүү кызматташууда

2016-жылдын октябрь айында өкмөттүк денгээлде Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Илимий-практикалык, билим берүүчүлүк, маданий багыттагы кызматташтыктар каралган меморандумга ылайык эки университеттин ортосунда үзүлүп калган байланыштар кайра жанданып, бир топ жемиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

2017-жылдын 10-ноябрь күнү Андижан мамлекеттик университетинин делегациясы дене тарбия факультетинин деканы Б. Насиров, физика-математика факультетинин деканы И. Овхунов, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ф. Алимов, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу М. Темирова, аялдар кеңешинин төрайымы У.Ахмедова, илим бөлүмүнүн башчысы А. Имирсинова, профсоюз уюмунун кызматкери Е. Смесова, жаштар комитетинин жетекчиси Э. Холмирзаевдер ОшМУга иш сапары менен келишти.

Делегация ОшМУнун Ак-Буура кампусундагы университеттин медициналык клиникасынын заманбап инфраструктурасы, виртуалдык лабораториясы, билим экспортун жасап жаткан эл аралык медицина факультети, Медицина факультетиндеги адам таануу лабораториясы, Кыргыз-Кытай факультети, университеттеги электрондук башкаруу системасы, Дата-центр, IT академиянын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышып, университеттин ректору, профессор Каныбек Исаков, ректоратынын өкүлдөрү, факультеттин жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, пикир алышкан. Ошондой эле университеттер ортосунда өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, академиялык мобилдүүлүк, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу, студенттик фестивалдарды, спорттук иш чараларды өткөрүү боюнча маселелерди талкууланган.

5-декабрь күнү ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Идирис Кенжаев башында турган 12 адамдан турган делегация Андижан мамлекеттик университетинин чакыруусу менен иш сапарда болуп келишти.

ОшМУнун делегациясын маданият жана социалдык иштер боюнча проректор Азамжон Хамракулов баштаган Андижан мамлекеттик университетинин жамааты Достук чек ара бекетинде тосуп алышты.

Алгач делегация «Бабур эл аралык фондунун» төрагасы Зокиржон Машрапов менен жолугушуп, эл аралык фонддун жасап жаткан иштери менен таанышышты. Андан соң коомдук жана мамлекеттик ишмер, акын З.Бобурдун музейине саякаттап, эстелигине гүл чамбарларды коюшту. Андан соң Андижан мамлекеттик университетинде болуп, окуу жайдын факультеттери уюштурган окуу-методикалык, илимий, маданий көргөзмөлөрү, сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, таланттуу студенттер тарабынан даярдалган спектаклге күбө болушту.

Сапардын алкагында Табият таануу факультетинин заманбап лабораторияларын көрүп чыгып, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын жамааты жана студенттери менен жолугуп, баарлашышты. Ошондой эле Дене тарбия факультетинин деканы Ботыр Носиров спортсмендер, олимпиада чемпиондору машыккан спорт залдары менен тааныштырды жана факультетте 1 бокс боюнча дүйнө чемпиону, 3 олипиада чемпиону, 131 Өзбекстандын чемпиону билим алыша тургандыгын маалымдады.

Физика-математика факультетинде декан Мадаминжон Махкамов факультетинин инфраструктурасы менен тааныштырды. Ушул эле жерде белгилүү илимпоз, тарых илимдеринин доктору, профессор Рустам Шамисиддинов менен жолугуп пикир алышышты. Мындан сырткары университеттин китепкана, электрондук китепкана, окуу залдарынын иши менен жеринде таанышышты.

Иш сапардын соңунда ректордун кабыл алуусунда болуп эки тарап тиешелүү структуралык байланыштарды өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүк, илимий конференциялар, студенттик достук фестивалдарды өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жолугушууда Андижан мамлекеттик университетинин ректору профессор Акрамжон Юлдашев ОшМУ суктандырган окуу жай экендигин айтты. “ОшМУда электрондук университет, электрондук факультет, электрондук кафедра толук түзүлүп иштеп жаткан ачык университет экендиги, билим экспорту жакшы жолго коюлгандыгы, заманбап инфраструктуралардын түзүлүп жаткандыгы мени таң калтырган. Биз бул багытта сиздердин окуу жайдан үйрөнө тургандарыбыз көп”, -деп баса белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть