14:16 14 декабря 2017

ОшМУнун ректору К.Исаков Кытайдагы симпозиумда баяндама жасады

Конфуций Институттарынын дүйнөлүк жыйынында ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков чон секциялык жыйында спикер катары катышып, Ош мамлекеттик университетиндеги жаңы моделдеги структуралар, алардын маани-маңызы, билим берүүнүн сапатын көтөрүүдөгү ролу, жыңычылдыгы, инновациялык табылгалары жөнүндө баяндама жасады.

Өзгөчө ОшМУнун Конфуций Институтундагы маданияттардын көп түрдүүлүгү, студенттерди кайрымдуулукка жана боорукердикке тарбиялоодогу өзгөчөлүктөрү, ОшМУнун Конфуций Институтунун Борбор Азиядагы чынчыл илимий жана окуу-усулдук борбор болууга умтулуп жаткандыгы баса белгиленди. Ошондой эле Кырыгыз-Кытай факультетинин перспективасы жөнүндө ой бөлүштү.

Бул жыйында Каныбек Исаков менен бирге Малазиянын, Кытайдын, Сербиянын, Танзаниянын университеттеринин ректорлору баяндамаларды жасашты. ОшМУнун Конфуций Институтунун тажрыйбалары, изденүүлөрү билим берүү ишмерлеринин кызыгуусун жаратты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть