10:30 20 декабря 2017

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректоруна «Мидин-100» фондунун төш белгиси ыйгарылды

2017-жылдын 19-ноябрында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Мидин-100» фондунун өкүлү Асаналиев Замир Асаналиевичтин университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Замир Асаналиев М.Алыбаевдин 100-жылдыгына карата 3 томдук китеби басылып чыккандыгын маалымдап, анда акындын эл оозунда айтылып жүргөн чыгармалары, мурунку чыгармаларынын ондолуп жасалган жаңы варианттары киргендигин айтып өттү. Мындан сырткары, Замир Асаналиев республикадагы алгачкылардан болуп ишке кирген «Объектив» интернет газетасынын чыгарылышы жөнүндө токтолуп, маалымат жайылтуу үчүн дагы бир булак катары кызматташууга чакырып өттү.

Сөзүнүн аягында, мейман «Мидин-100» фондунун атынан акындын чыгармачылыгын элге жайылтуу, даңазалоо боюнча мыкты иш-чараларды уюштургандыгы үчүн НМУнун ректоруна атайын төш белги ыйгарып, жаңы басылып чыккан китептердин бир нече нускасын университеттин китепканасына белекке берди.

Жолугушуу Замир мырзанын мындан ары да Тенир-Тоонун кулуну М.Алыбаевдин чыгармачылыгын даңазалоо үчүн НМУнун окутуучулары колдоо көрсөтөт деген ишеничин билдирүүсү менен аяктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть