9:42 8 февраля 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде комузчулардын сынагы болду

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 7-февраль күнү студенттер арасында кол ойноткон комузчулардын “Ойно комуз” аталышындагы сынагы болуп өттү. Сынакка жалпы 12 студент катышты.

Аталган сынак окуу жайдын жаштар комитети жана ЖАМУнун алдындагы “Маданий эстетикалык” борбору тарабынан уюштурулган. Анын максаты – унверситеттеги өнөргө кызыккан, комузда кол ойноткон комузчулардын башын бириктирип, чыгармачылыктарын өркүндөтүү, деп билдирди маданий эстетикалык борбордун кызматкери Нурбек Шамуратов.

Сынактын жыйынтыгында катышуучуларга 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды. Мындан ары таланттуу, чыгармачылыгын өркүндөтүүнү каалаган жаштарга комуз сабагынан атайын ийрим уюштуруларын кошумчалады Н.Шамуратов.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть