11:48 12 февраля 2018

ЖАМУда «Жаңы доорго кырк кадам» долбоору талкууланды

Экономикалык-юридикалык факултетинде 7-10-февраль күндөрү Кыргыз өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” долбоору боюнча аталган факультеттин мугалимдери тарабынан ачык куратордук сааттар өткөрүлдү.

Экономикалык-юридикалык факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Эмил Төлөнов “Жаңы доорго кырк кадам” долбоорунда социалдык-экономикалык өнүгүү программасы камтылганын айтты. "Биз ушул тармакта адистерди тарбиялап жаткан соң, долбоордун ар бир кадамын студенттер менен биргеликте талкуулап, алардын келечекке болгон шыктануусуна дем бердик. Келечек жаштардын колунда демекчи, жаш муун алдыда болчу иштерге, мамлекеттин өнүгүүсүнө жана келечегине кайдыгар болбош керек деген максатта ачык куратордук сабактар уюшулду", - деди ал.

Ал эми экономикалык-юридикалык факультетинде жалпы 11 тайпа болсо, анда 195 студент билим алат. Жогорудагы ачык куратордук саатка бардык тайпа катышып, ар бирине өз-өзүнчө сааттар өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть