13:06 14 февраля 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студентинин долбоору мыктылардын катарына кирди

ЖАМУнун студенти “Социалдык ишкердикти өркүндөтүү” долбооруна катышып, сертификатка ээ болду. Долбоор Борбордук Азия университети жана "Coca Cola" компаниясы тарабынан уюшулуп, ага республикадагы бардык университеттин студенттери катышты.

Алгач Кыргызстанда жайгашкан университеттерде уюштуруучулар тарабынан семинар өткөрүлүп, сынак жарыяланган. Анда жалпы 806 долбоор жактырылып, анын ичинен 20 студенттин долбоорун тандап алышкан.

Жогорудагы 20 долбоордун катарына ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факултетинин 4-курсунун студенти Адина Нийзанованын долбоору кирген. Ал Борбордук Азия университетинде “Социалдык ишкердик” программасы боюнча 1 айлык курста окуп, уюштуруучулардын сертификатын алды. Андан соң өзү билим алган окуу жайдагы жаштарга аталган долбоор боюнча кенен маалыматтарды берүү үчүн атайын тегерек стол уюштурган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть