18:19 16 февраля 2018

ЖАМУда III бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна даярдык көрүлүүдө

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 15-февраль күнү III бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун өткөрүү боюнча жолугушуу болду. Ага Билим берүү жана илим министирлиги, III бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий иштери боюнча проректору Курманбек Алыбаев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Билим берүү жана илим министирлигинин Илим департаментинин башкы адиси Гүлзада Билбаева, III бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун алкагында негизги блокко кирген этноилим жаатында 61-Алтаистикалык лл аралык илимий конференция Көчмөндөр оюндарынын алдында Кыргызстанда өтөрүн жана Көчмөндөр цивилизациясына арналган илимий конференциялар, тегерек үстөлдөр, симпозиумдар, жаштар арасындагы интеллектуалдык оюндар, студенттик конференциялар уюштурулуп жаткандыгын маалымдады.

III бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун өткөрүү боюнча комитетинин ыктыярчылар боюнча топтун жетекчиси Союзбек Надырбеков, III бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун структурасы, өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары менен кеңири тааныштырып, бул иш-чараны региондордон баштоону, ал жактан ыктыярчыларды тандоону, жайылтуу учурдун талабы экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, катышуучуларга II бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун отчеттук призентациясын көрсөттү жана I жана II бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун салыштырма анализи боюнча кенен маалымат берди.

Жоолугушуунун жүрүшүндө студенттер кызыгуу менен маалымат алышып, маанилүү суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алуу менен бирге, III бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна ыктыярчы болуп катталуу жолдору менен кабардар болушту. Ыктыярчы болуп катталуу онлайн аркылуу катталгандыктан, ЖАМУдагы ыктыярчылар боюнча маалымат топтоо жаштар комитетине жүктөлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть