ЖАМУнун коммерциялык эмес ресурстук борборунда 15-февралда “Жаштар үчүн жеке кичи гранттар” аттуу семинар өткөрүлдү. Ресурстук борбордун адистери тарабынан өткөрүлүп, ага экономикалык-юридикалык факультеттин 1-2-курстарынын студенттери катышып, долбоорлор боюнча кеңири маалыматтарга ээ болушту.
Борбордун координатору Лира Момуналиева "Сорос" фонду 2018-жылы "Жаштар демилгесин колдоо" фондуна сынак жарыялаганын кабарлап, жаштарды катышууга үндөдү. "Силердин адистигиңер долбоорлон менен иштөөгө ыңгайлашкан кесип. Андыктан билим алуу менен катар келечегиңерди түптөп, ар кандай сынактарга катышып тажрыйба топтой бергиле. Ал албетте, кийинки жашооңорго оң таасирин берет", - деп кошумчалады ал.
Аталган факультеттин студенттери ар кандай долбоорлорго катышып, айрымдары ийгиликтерди жаратууда.