Бүгүн, 20-февралда Ош технологиялык университетинин спорттук базасында Ноокат районунун Караташ айылындагы мектеп окуучуларынан түзүлгөн волейбол командасы менен ОшТУнун "Технолог" командасы жолдоштук беттешүү өткөрүштү.
Мелдештин жыйынтыгында 3:1 эсебинде "Технолог" командасы жеңишке жетишти. Иш-чаранын негизги максаты жаш уландардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана окуу жай менен мектеп байланышын чыңдоо болуп саналат.