10:19 21 февраля 2018

ОшМУнун 4 студенти Испаниянын Кадис университетинен билим алып келишет

Ош мамлекеттик университетинде сыркы жана ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү багытында жемиштүү иштер жүрүп жатат. 2017-2018-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында жалпысынан 256 студент сырткы жана ички академиялык мобилдүүлүктөн өтүшкөн. Бул, албетте, билим берүү процессине өзүнүн өзгөчө таасирин берип, студенттердин чет өлкөлүк ЖОЖдордун билим берүү системасынан сабак алып, өздөрүн өнүктүрүп, көндүмдөрүн арттырууга, тажрыйбаларын бөлүшүүгө шарт түзүүдө.

Бүгүн, 21-февраль күнү ОшМУнун 4 студенти Испаниянын Кадис университетинен жайкы семестр ичи билим алып келүү үчүн жөнөп кетишти.

Алар атайын сынактын негизинде тандалып алынган студенттер: эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсунун студенти Осмонова Айтолкун, медицина факультетинин 3-курсунун студенти Ысмаилова Венера, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 2-курсунун студенти Жылдызбекова Акылай жана физика-техника факультетинен 2-курсунун студенти Талантбек уулу Кыдырбек.

Буга чейин 19-февралда Испанияга окууга аттанып жаткан студенттер ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков менен жолугушуп, пикир алышкан.

Жолугушууда ректор акыркы учурда ОшМУда тышкы жана ички академиялык мобилдүүлүктүн кулачы кеңейип, жакшы жолго коюлуп, системалуу иш жүзүнө ашып жаткандыгына токтолгон жана студенттерге кең дүйнөдө билим жолун улоого өзгөчө шарттар түзүлүп, түрдүү программалар, долбоорлор аркылуу билим алмашууга мүмкүнчүлүктөр арбын экендигин белгилеп, сапарлары байсалдуу болуп, ийгиликтүү окуп келүүлөрүн каалаган.

ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен "Эразмус+" программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 3 жылдан бери кызматташып келет. Бул программанын алкагында ОшМУнун 10го жакын студенти билим алып келишсе, бир нече окутуучулар тажрыйба бөлүшүп келишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть