ЖАМУнун чоң жыйындар залында 20-февралда университеттин Жаштар комитети тарабынан 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Ата Мекенди коргоочуларга майрамдык белек” аталышындагы шоу-концерт өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаштар комитетинен кабарлашты.
Алгач ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова сөз сүйлөп, Ата Мекенди коргоочулар күнү менен жалпы университеттин мырзаларын куттуктап, окууларына, иштерине ийгиликтерди каалап өттү. Андан соң таланттуу кыздарынын аткаруусунда ыр–бийлер, тамашалар аткарылып, мырзалар үчүн кызыктуу оюндар ойнотулду.