16:51 21 февраля 2018

“Эне тил - элдин күзгүсү” аттуу тегерек стол уюштурулду

Эл аралык эне тил күнүнө карата ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин химия кафедрасынын студенттери окутуучулар жамааты менен бирге 21-февраль күнү “Эне тил – элдин күзгүсү” аталыштагы тегерек стол уюштурушту. Бул тууралуу химия кафедрасынын башчысы Нуржан Арстанбекова билдирди.

Кафедра башчысынын берген маалыматында, иш-чарага химия адистигинин 1-курстан 4-курска чейинки студенттери күбө болушту.Тегерек столдо студенттер дүйнөлүк тилдер жөнүндө баяндамаларды угуп, кызыккан суроолоруна жооп алуу менен өздөрүнө керектүү маалыматтарга ээ болушту. Химия – 1-15 группасынын студенти Номанжанов Хожиназар дүйнөлүк тилдер жөнүндө баяндама жасаса, ал эми Химия - 1-17 группасынын студенти Апсаматова Айзирек өзүбүздүн эне тилибиз тууралуу кызыктуу маалыматтарды камтыган баяндамасы менен чыкты. Химия - 1-17 группасынын студенти Мухтарбек кызы Айзада Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшөевдин “Кыргыз эмес” деген ырын көркөм окуп берди.

Кафедранын ага окутуучусу Н.С.Жолдошалиева да эне тилди унутпай даана, так сүйлөө менен бирге башка тилдерди да үйрөнүп, бул ааламдашуу доорунда студенттердин өз ордуларын табууга үндөдү. Ал эми химия кафедрасынын башчысы, доцент Н.Арстанбекова баяндамачыларга ыраазычылык билдирүү менен бирге тилдин улуулугун жана ошол улут үчүн ыйыктыгын айтып, иш-чараны жыйынтыктады.

Аталган кафедрада жалпы 50дөн ашуун студент билим алат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть