10:33 22 февраля 2018

ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

Автор: Зинагуль Нуралиева

Ош мамлекеттик университетинде 21-февраль күнү Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган «Бүткүл дүйнөлүк эне тил» жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматов ааламы түркүн тилдерде» аттуу иш чара болуп өттү.

Университеттин башкы имаратында Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөдө жазуучунун жарык көргөн китептери, өмүрү, чыгармачылыгы чагылдырылган банерлер жана ошондой эле ОшМУнун «Билим» лицейинин, «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун окуучулары тарабынан жазуучунун чыгармаларына карата жасалган кол эмгектери, сүрөт көргөзмөлөрү коюлду.

Кечеде таланттуу студенттер тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Ак кеме», «Делбирим», «Жамийла» сыяктуу бир топ чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр тартууланып, жазуучунун чыгармаларына арналып чыгарылган обондуу ырлар жаңырды. Ошондой эле Ч.Айтматовдун улуу ойлорун камтыган видео-ролик көрүүчүлөргө коюлду.

Эне тил күнүнө карата университетте окутулуп жаткан (кыргыз, орус, өзбек, англис, немец, түрк, кытай, корей,) тилдеринде жана чет өлкөдөн келип билим алган студенттердин басымдуу бөлүгү сүйлөгөн хинд тилдеринде обондуу ырлар ырдалып, ырлар көркөм окулду. Башка кечелерден айырмаланып мында окуу жайда билим алып, иштеп жаткан башка улуттун өкүлдөрү да катышышты.

«Кечени уюштуруудагы негизги максат кыргыз элинин, кыргыз тилинин айланасына этносторду бириктирүү, этностор ортосунда биримдикти, ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Ошондой эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу, даңазалоо болуп саналат», - деди ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Ташболот Жороев.

Белгилей кетсек, 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү деп жарыяланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть