8:55 23 февраля 2018

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата ЖАМУда “Көчмөндөр цивилизациясы: кечээ, бүгүн” аталышында тегерек стол өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 21-февраль күнү окутуучулар жана студенттердин катышуусунда “Көчмөндөр цивилизациясы: кечээ, бүгүн” аталышында тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы Зульфия Асилова маалымдады.

Анын айтымында тегерек стол үч бөлүктөн турган: биринчи бөлүктө Көчмөндөрдүн үрп-адат, салт-санаасын чагылдырган илимий баяндамалар окулду. Экинчи бөлүктө суроо-жооптор орун алса, үчүнчү бөлүктө тегерек столдун катышуучулары өз ойлорун ортого салып, талкуу болду.

Иш-чаранын официалдуу бөлүгүндө ЖАМУ нун ректору Кенешбек Усенов сөз сүйлөп, дүйнөлүк маданияттын калыптануусуна, өнүгүүсүнө, сакталуусуна жана жайылуусуна көчмөн элдеринин маданиятынын тийгизген таазири зор экенин белгилеп өттү. Көчмөндөрдүн цивилизациясы отурукташкан калктардай асман тиреген архитектуралык комплекстер сыяктуу заттык маданияттарды калтырышкан эмес. Бирок, өзүнүн тарыхында татаал жолду басып өтүп, эли-жерин, мал-жанын жана коңшулаш жашаган калктарга да жардам берип, жоодон, табигый кырсыктардан бири-бирине кол кабыш кылып турган. Аны менен катар ички биримдигин, ынтымагын, достугун, кылымдап түзүп келген көөнөрбөс мурастарын, маданиятын сактап келгенин тарых тастыктоодо. Учурдагы заманбап коомдун маанилүү маселелери, басып өткөн улуттук мурастарга кайрылуу, аларды жаңыча көз карашта анализдөө аркылуу жаңыча баа берилүүдө – деген оюн айтты ректор.

Ошондой эле тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кадыркул Айдаркулов “Кыргыз эл оюндары- көчмөндөр оюндарынын башатында” темасын баяндады. Өз сөзүндө тогуз коргоол, ордо оюндарына басым жасап, тарыхый маалыматтарды берди.

Андан кийин сөзгө чыккан, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Эртабылды Сулайманов “Кыргыздардын отко сыйынуу жөрөлгөлөрү жана анын башка элдердеги окшоштуктары” аталышында баяндама жасады. Баяндамада азыркы мезгилде биз колдонуп келе жаткан отко сыйынуунун элементтерин мисал кылып айтты.

Тарых илимдеринин кандидаты, Эрнест Авазов “Көчмөн кыргыз коомундагы социалдык стратификация жана мобилдүүлүк маселелерине тарыхый сереп” темасында терең түшүнүк берди.

Тарых кафедрасынын улук окутуучусу Анарбекова Венера “Көчмөндөрдөгү ат оюндарынын кошок ырларында чагылдырылышы” темасын баяндап берип, жыйынтыгында аудио аркылуу ат жөнүндө айтылган кошокту угузду.

Тегерек столдун экинчи бөлүгүндө студенттер жана окутуучулар баяндамачыларга суроолорду беришип, жана жоопторду алышты.

Үчүнчү бөлүктө тегерек столдун катышуучулары өз ойлорун билдиришип, кийинки, ушул эле тема боюнча, өтүлүүчү иш-чараларга сунуштарын айтып өтүлдү. Катышуучулар байыртан көчмөн элдеринен мурас болуп калган баалуулуктарыбызды барктап, бааласак биздин эл өсүп-өнүгүп, окумуштуу изилдөөчүлөрдүн алп эмгеги менен карт тарыхыбыз такталып дүнөлүк цивилизациядан өзүнүн ордун таап, Кыргыз элинин улуулугу даңкталат деген ойлорун билдиришти.

Белгилей кетсек, алдыда мына улуш алкакта ЖАМУда тегерек столдор жана “Көчмөндөр маданияты” аталышындагы ЖАМУнун студенттеринин арасында өтүп келген фестивалдын экинчи жолу уюштурулуп өтүлүүсү күтүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть